Учактын бортунда Трамп менен жубайынын талашынын темасы ачыкталды
АКШнын президенти Дональд Трамп менен жубайы Мелания БУУнун Башкы ассамблеясында эскалатор окуясын талкуулашкан. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы ооздун кыймылын окуган эксперт Жереми Фрименге таянуу менен жазып чыкты.
Эксперттин пикири боюнча, видеодо Трамп аялын урушкан жок, тескерисинче, БУУдагы окуяга нааразычылыгын билдирип жатат. Анда Трамп жубайынан "муну кантип кылышты?" деп сураган имиш.
Буга чейин интернет желесинде Дональд Трамп жубайы Мелания менен учакта эмоционалдуу сүйлөшүп жаткандагы видео тараган. Бирок жубайлар учактан кол кармашып түшүп, Ак үйдүн түштүк тарабынан бирге өтүшкөн.
Ал эскалатор окуясы боюнча АКШнын Жашыруун кызматы иликтөө жүргүзүп жатканы айтылган. БУУнун имаратында Трамп менен анын жубайы өйдө көтөрүлөрдө күтүүсүздөн эскалатор токтоп калган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















