super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Барскоон–Бедел жолунда өлкөдөгү эң ири эки тоннелдин курулушу башталды

 

Кечээ, 27-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдөгү Барскоон–Бедел эл аралык унаа жолунда өлкөдөгү эң ири эки тоннелдин курулушунун башталышына старт берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдагандай, тоннелдер Сөөк жана Ашуу-Суу ашууларында салынат. Биринчисинин узундугу 5340 метрди, ал эми экинчисинин узундугу 3840 метрди түзөт. Бул өлкө тарыхындагы эң узун жана техникалык жактан татаал тоннелдерден болуп калмакчы.

"Жолдун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. Мындан тышкары аталган унаа жолдо көпүрөлөрдү, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел жүрүүдөн коргоочу тосмолорду куруу каралган. Бүгүнкү күнү курулуш иштерине 287 адис жана жол курууга багытталган 162 атайын техника жана жабдуулар тартылган. Ошондой эле куруучулар үчүн бардык шарттары каралган 4 лагерь курулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 27-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Барскоон–Бедел унаа жолунун курулушуна старт берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: