Селфинин айынан... Кытайда турист тоодон кулап каза болду (видео)
Кытайдын Сычуань провинциясындагы Нама чокусунда турист сүрөткө түшүүгө аракет кылып жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Чокуга альпинисттер тобу менен бирге чыгууга бара жаткан турист селфи кылууга аракет кылган. Бирок ал катуу кардын үстүндө тайгаланып, ылдый, капчыгайды көздөй кирип кеткен. Жанындагыларда аны куткарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анткени ал сүрөткө түшүү үчүн бири-бирине байланган аркандан өзүнчө бөлүнүп чыккан.
Окуя видеого тартылып калган. Бирок так датасы белгисиз.
Селфинин айынан... Кытайда турист тоодон кулап каза болду (
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:06
2025-11-02
15:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















