Зеленский Украина Африкага курал сатууга макул болгонун билдирди
Киев бир нече африкалык өлкөлөргө Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ашыкча куралдарын сатуу боюнча келишимге жетишти. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Telegram каналында билдирди.
"БУУнун Башкы ассамблеясында Африка континенти менен келишим түзүлдү. Буга чейин бир нече африкалык өлкөлөрдөн сунуштар жана өтүнүчтөр келген", - деп жазды ал.
Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүндө эч кандай таңкыстык жаратпаган курал-жарак экспорттолорун белгилеп, бирок куралдар кайсы өлкөлөргө сатыларын тактаган жок.
Анын айтымында, сатуудан түшкөн каражат украин армиясында жок курал-жарактарды, атап айтканда, учкучсуз учуучу учактарды сатып алууга жумшалат. Зеленский потенциалдуу экспорттук багыттарга Европа, АКШ жана Жакынкы Чыгыш да кирерин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















