super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орус министри БУУнун жыйынында Крым менен Донбасты Африкага салыштырды

 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында Украинанын Москва басып алган аймактарын Африкага салыштырды.

Ал Киевди колонизаторлук саясат жүргүзгөн деп айыптаган.

"Крым менен Донбастын жашоочулары 2014-жылдан кийин Африка жана Азия элдери сыяктуу колонизаторлордун эзүүсүнөн жапа чекти. Алар АКШнын 1776-жылдагы эгемендүүлүк декларациясынын принциптеринин бирине ылайык көз карандысыздыкты жарыялоого укуктуу болгон", - деп келтиришет анын сөздөрүн чет элдик басылмалар.

Ошондой эле Лавров Орусия Украинадагы жаңжалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөргө ачык экенин белгилеген.

"Орусиянын коопсуздугу жана анын маанилүү кызыкчылыктары ишенимдүү кепилдениши керек. Киевдин көзөмөлүндө калган аймактардагы орустардын жана орус тилдүүлөрдүн укуктары толугу менен калыбына келтирилиши керек. Мунун негизинде биз Украинанын коопсуздук кепилдигин талкуулоого даярбыз", - деп кошумчалаган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: