Месси "Интер Майами" менен келишимин узартууга макул болду
"Интер Майами" футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси клуб менен жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар журналисттер Никол Скира жана Хави Кампос билдиргенин жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, 38 жаштагы оюнчу менен клуб жетекчилиги бардык шарттар боюнча макулдашууга жетишкен. Келишимдин мөөнөтүн узартуу жакынкы жумаларда жарыяланат. Жаңы келишим 2028-жылдын аягына чейин түзүлгөн. Анда келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу варианттары да камтылган.
Футболчу менен клубдун учурдагы келишими 2025-жылдын 31-декабрында аяктайт. Месси "Интер Майамиде" 2023-жылдын жайынан бери ойноп келет. Клуб үчүн 69 оюнда 58 гол киргизип, 28 голдук пас берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:47
2025-11-21
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















