super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытайда курулган дүйнөдөгү эң бийик эстакадалык көпүрө колдонууга берилди (видео)

 

Кытайдын Гуйчжоу облусунун Хуацян капчыгайындагы дүйнөдөгү эң бийик көпүрө ачылганын чет элдик басылмалар билдиришүүдө.

Көпүрө Бейпан дарыясынан 625 метр бийиктикте турат. Ал Сан-Францискодогу "Алтын дарбаза" көпүрөсүнөн дээрлик тогуз эсе жогору. Курулуш үч жылга созулду. Көпүрөнүн жалпы узундугу 2890 метрди түзөт, негизги темир курулмалар 1420 метрге жетет.

Бийлик бул тоолуу аймакта курулган дүйнөдөгү эң чоң темир асма көпүрө экендигин басылмаларга билдирди. Буга чейинки рекорд 100 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Бейпан дарыясындагы бийиктиги 565,4 метр болгон дагы бир көпүрөгө таандык.

Акыркы жылдары тоолуу Гуйчжоу провинциясында 30 миңден ашуун көпүрө курулган. Алардын үчөө дүйнөдөгү эң бийик көпүрөлөрдүн катарына кирет жана дүйнөдөгү эң бийик 100 көпүрөнүн дээрлик жарымы ушул жерде жайгашкан.






Кытайда курулган дүйңөдөгү эң бийик эстакадалык көпүрө колдонууга берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: