Казакстандан алынып келе жаткан 44 тонна сабиз менен кызылча артка кайтарылды
Казакстандан алынып келе жаткан 44 тонна сабиз менен кызылча артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Казак участогундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан "Жыйынды постунда" карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда Казакстандан Кыргызстандын аймагына ташылып келе жаткан 22 тонна сабиз жана 22 тонна кызылчага тиешелүү фитосанитардык сертификат жоктугу аныкталды.
Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору продукция болгондуктан, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылды.
Департаменттин маалыматына ылайык, мындай чаралар өлкөнүн аймагына карантиндик зыянкечтердин, өсүмдүк ооруларынын жана башка кооптуу организмдердин кирип кетишинин алдын алуу үчүн көрүлүүдө. Ошондой эле фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү менен өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн коопсуздугу жана дыйкандардын кызыкчылыктарын коргоо максат кылынууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















