Ак-Талаада 1,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мурдагы Колхоздор аралык курулуш уюмуна таандык 1,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 29-сентябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, Колхоздор аралык курулуш уюму 1964-жылы аймакта өндүрүш объекттерин өнүктүрүү үчүн түзүлгөн.
Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында өндүрүш объекттерин куруу үчүн 4,0 гектар жер тилкеси Колхоздор аралык курулуш уюмуна бөлүнүп берилген. 1993-жылы Колхоздор аралык курулуш уюму "Демилге" акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси катары Ч.К. шайланган.
2004-жылы Ч.К. акционердик коомду жоюу жолу менен бул ишкананы жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган. Бул мүлк Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына тиешелүү кабыл алуу актысына ылайык өткөрүлүп берилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















