Алматынын көчөлөрү "Реал Мадриддин" күйөрмандарына толду (видео)




Испаниянын "Реал Мадрид" футбол клубун тосуп алууда Алматынын көчөлөрү күйөрмандарга толду. Алар сүйүктүү оюнчуларын сүрөөн кыйкырыктар менен тосуп алышты.
Оюнчулар аэропорттон чыкканда казактын улуттук кийимин кийген музыканттар Чемпиондор Лигасынын гимнин салттуу аспаптарда ойношту. Аталган клубдун оюнчулары үчүн Алматыдагы эң мыкты мейманкана толугу менен брондолуп, күч түзүмдөр тарабынан курчоого алынды.
Реалчылар Чемпиондор Лигасынын 2-турунда Казакстандын "Кайрат" футбол клубу менен беттешет. Оюн эртең, 30-сентябрда 26 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкташкан Алматынын борбордук стадионунда өтөт.
"Реал Мадрид" футбол клубун тосуп алууда Астананын көчөлөрү күйөрмандарга толду.
Алматынын аэропортунда Чемпиондор Лигасынын гимни салттуу аспаптарда жаңырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-09-29
20:35
2025-09-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.