Бишкектин Көлмө конушунда асфальт төшөө иштери аяктоодо
Бишкектин Көлмө конушунда Теңдик көчөсүнүн Мидин көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Бригада жолдун жээгине асфальттын биринчи катмарын төшөөнү аяктап, учурда кудуктардын капкагын жолдун үстүнкү деңгээлине чейин көтөрүүдө. Жакынкы күндөрү асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери пландалууда.
Ошондой эле тургундардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жолдун эки тарабына тротуар жасалып, ирригациялык тармак орнотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:41
2025-12-19
18:9
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















