Түркмөнстанда 11 жыл башкы прокурор болуп турган айым түрмөдө каза болду
Түркмөнстандын мурдагы башкы прокурору Курбанбиби Атажанова абакта каза болду. 1997-жылдын апрелинен 2006-жылдын апрелине чейин Түркмөнстандын башкы прокурору болуп иштеген 78 жаштагы аял Дашогуз аялдар абагында каза болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Атажанова юридикалык билим алгандан кийин райондук прокурордун жардамчысынан башкы прокурорлукка чейин көтөрүлгөн. 1997-жылы апрелде президент Сапармурат Ниязов аны республиканын прокуратурасындагы эң жогорку кызматка дайындаган.
"Ал прокуратурада иштеп турганда көзөмөл органын жазалоочу системге айландырган. Түркмөнбашынын өзгөчө ишенимине ээ болуп, масштабдуу репрессияларды жүргүзгөн. Куугунтук 2002-жылдын ноябрында Ниязовго кол салуу аракети ишке ашпай калгандан кийин өзгөчө ырайымсыз болду. Анда жүздөгөн адамдар камакка алынган. Бирок 2006-жылдын 24-апрелинде Атажанова так эле министрлер кабинетинин отурум залында камакка алынган. Ага коррупция боюнча айып тагылган. Анын 13 турак жайы, кыш заводу, тегирмен, автопарк, алты миллион доллардан ашык акчасы жана башка мүлкү конфискацияланган. Андан кийин ал бардык наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган",- деп айтылат маалыматта.
2006-жылы декабрда Атажанова Дашогуздагы аялдардын абагына которулган. Ал камалардын алдында өзү барган абакты текшерип, шарттары курорт сыяктуу деп атагандыгы маалыматта кошумчаланды.
Белгиленгендей, Дашогуздагы аялдар түрмөсү катаал шарты менен белгилүү. Ал жерде кыйноо, уруп-сабоо жана мажбурлоо көп кездешет. Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, учурда абакта 2000ден ашуун аял бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















