super.kg logo
  Саясат  

Төрага: "Парламентти таратуу демилгесин президент менен кеңештик"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти таратуу демилгеси боюнча президент Садыр Жапаров менен кеңешкенин айтты. Бул тууралуу төрага Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына курган маегинде билдирди.

Айтымында, депутаттарды таратууга президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келип калышы себеп болгон.

"Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожо уулуна (ред.: Жапаров) демилге боюнча, андагы жагдайлар тууралуу айттым. Президент "мен бардыгына даярмын. Президенттик десеңер президенттик, парламенттик десеңер парламенттик шайлоо өткөрөлү. Жүйөңөр туура. Өзүңөр чечкиле" деди. Биз кеңешип, президент аябай жакшы иштеп жатат. Экономикада өсүштөр бар. Президент аткаруу бийлигинин башчысы, мамлекет башында турат. Өлкө башчынын командасы жакшы иштеп жатат. Ыргакты бузуп албайлы, парламенттик шайлоо өткөрөлү деп өлкө башчыга айттым.

Бирок президент эч качан тапшырма да берген жок, эч кандай буйрук да берген жок, администрациясы киришкен жок. Парламент президент менен кеңешкенден кийин өзүбүз ушундай кадамга бардык",- деди төрага.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленди.






Төрага: "Парламентти таркатууну президент менен кеңештик"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: