Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда Түп - Кеген жолун ачты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда Түп-Кеген жолунун ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы бардык жакшы ой-максаттарыбыз дал ушул өнүгүүнү өзөгүн түзгөн жолдорубуздун жакшырышы менен иш жүзүнө ашарын белгиледи. “Авто жол жакшы салынган жерде алака-катыш жанданып, соода, экономика өнүгүп, туризм өсүп, элдин жашоо-турмушу жогорулайт”,- деди ал.
Президент бүгүнкү күнү өлкөбүздүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду куруу иштери кызуу жүрүп жатканын айтты. Буга байланыштуу ал бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатканын баса белгиледи. Алсак, үстүбүздɵгү жылы салынып жаткан жолдордун дээрлик 80 пайыздан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда. Садыр Жапаров жол тармагына өзгөчө көңүл буруп, чоң колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Буга 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 102 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөндүгү айкын мисал.
Мамлекет башчысы өзгөрүүлөр урбанизация процесстерин азайтууга жана туура жолго салууга шарт түзөрүнө ишеним артты. Айылдын эли чоң-чоң шаарларга, анын ичинде Бишкекке, Ошко качпастан, элетте дагы жумуш менен камсыз болуп, ишкердикти өнүктүрүп, тыңдап оокат кылууга боло турганына ишене баштады.
Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп - Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулду. Жолдун 39-76-чакырымындагы тилке жана Каркыра - Турук - Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы толук жаңыдан оңдолду.
Мамлекет башчысы бул жол кереметтүү Ысык-Көл менен боордош казак элинин Алматы облусун, Алматы шаарын байланыштырган экономикалык жана социалдык мааниси олуттуу жол экенин өзгөчө белгиледи. Ошентсе да долбоор бир гана жол курулушу менен чектелбейт. Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Ал эми жеке эле чет элдик туристтер эмес, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы мекендештерибиз “Манас” эпосунда даңазаланган айтылуу Каркыра жайлоосун көрүп, эс алуусу үчүн дагы шарт түзүлөрүн мисал келтирди. Туризм турмагын колдоо максатында бул аймакта Балыкчы, Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенко жана Түптө 5 туристтик сервис борбору курулуп, инвестициялык шарттарды жакшыртуу үчүн маанилүү иштер аткарылды. Мындан тышкары “Сан-Таш” тарыхый комплексине бара турчу жол оңдолуп, коңшу айылдардын ички жолдоруна асфальт төшөлдү.
Мамлекет башчысы мындай ири долбоорлордун ишке ашышы Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөр менен болгон ишенимдүү кызматташтыгынын жемиши экенин баса көрсөттү. Буга байланыштуу ал Дүйнөлүк банкка, ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган тармактык министрликке, подрядчы уюмдарга жана бардык куруучуларга ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле долбоордун алкагында жолду кыш мезгилинде тейлөөчү атайын жол техникаларын сатып алуу да каралганын кошумчалады. Эми “жол азабы – көр азабы” эмес, алысты жакын кылган жакшы жол экени тастыкталат.
Соңунда Садыр Жапаров өлкө жетекчилигинин максаты – ушундай маанилүү долбоорлорду улантуу менен өлкөбүздү өнүктүрүү, ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу болуп саналарын жана бүгүнкүдөй жетишкендиктерибиз – биздин биргелешкен эмгегибиздин, ынтымагыбыздын жана келечекке болгон ишенимибиздин натыйжасы экенин баса белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















