Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Акбардын ага эч ашык сөзү болбоду. Ашык мамилеси болбоду. Колун да кармабады. Камкордугу, колдоосунан тышкары сүйүү темасына ишарат да кылбады. Ушундай башкача мамилеси менен Акбар Айкөлдүн жан дүйнөсүнөн орун ала баштады. Мындай мамиле акыры бир чекитке барып такалышы керек эле. Бул тууралуу Айкөл биринчи сөз баштады.
– Биздин минтип жүргөнүбүз туура эмес. Шарият алдында да, эл алдында да бул мамиленин бир аты болушу керек.
– Элге жооп бергенге эч эле милдеттүү эмеспиз. Шариятка келсек, биз бир күнөө иш кылган жокпуз. Мен болгону...
– Мен экинчи аялыңыз болууга макулмун!
Акбар андан мындай чечкиндүүлүктү күткөн эмес эле, сестейип карап калды.
– Айкөл, чырагым...
– Мен көпкө ойлондум. Башка жол көрбөй турам, сиз көрүп жатсаңыз, анда айтыңыз. Биздин мындай мамилебиз туура эмес. Ачык бололу бири-бирибизге...
Адатта бул чечимди эркек киши чыгарышы керек эле, бирок Айкөл анын тапшырмасын жеңилдетип койду. Ачыгында Акбар эмне кыларын билбей жүргөн.
– Экинчи аял... Кызык, ушул сөздү эң жаман көргөн адам мен элем. Тагдырдын тамашасын карачы. Мындай болбош керек эле. Аттиң...
– Мен сиздин үй-бүлөңүзгө болгон камкордугуңузду билем. Жакшы билем. Аларды таштап, мага үйлөнүңүз десем адилетсиздик болот. Менин акылыма башка эч нерсе кирген жок. Эгерде андай болбойт десеңиз, анда мен кетейин. Өз жашоомдун камын көрөйүн. Мен кыйынчылыктан деле коркпойм. Коркконум – жалгыздык. Мага кымбат адамдардын мени таштап кеткенинен оор нерсени көргөн жокмун. Кыйынчылык башыма келгенде сиз жанымда болдуңуз. Мени саздан сууруп алдыңыз. Сизден кетиш да мага оор, ачыгын айтсам...
– Айкөл, сен кандай жансың? Сени карап отуруп, Кудай адамды ушундай эч кемчиликсиз да жаратабы деп ойлонуп кетем. Акылың, сезимталдыгың, адилеттүүлүгүң, чечкиндүүлүгүң... Мен сенден эки эсе улуу болсом да бул нерсени жасаганга эмес, айтканга даай албай жүргөм. А сен...
– Бир гана шартым бар. Мен тууралуу үй-бүлөңүздөн эч нерсе жашырбаңыз. Сиздин жашооңузда мен дагы бар экенимди алардын билишин каалайм. Мейли, экинчи орунда болсом да, бар экенимди билишкени туура. Башка эч нерсе сурабайм.
– Макул.
Бул “макул” деген сөз ооздон оңой чыкканы менен, аткарылышы оор. Акбар муну ошол убакта билген эмес. Машинесин зуулдата айдап, так 18 жаштагы баладай өрөпкүп, толкунданып кеткен. Эң мыкты делген алтын саткан дүкөндөн Айкөлгө арнап бриллиант комплект алды. Дагы кандай сюрприз кыларын ойлонуп жатты. Эркек кишинин деле жаш баладай болуп кеткен убактары болот эмеспи. Акбар дал ошондой шадыраңдаган кичинекей балага айланып, буту жерге тийип-тийбей жүрдү. Маселенин эң оор, орчундуу бөлүгүнө келгенде бир сестейип алды. Мариям аны бир карап эле эмне болгонун билди. Кубанычын олуттуулук менен жашырайын деген менен болбой, колун кайда катарын билбей, ичиндеги бир толкундун шаңы турганын сезди. Муну өспүрүм кезинде ушул абалында бир көргөнү бар. Жашоосунда унуткусу келген, а балким, унуткан жылдарда ал элес калып кеткен эле.
– Мариям, балдар уктагандан кийин кабинетке кирип сүйлөшөлүчү,- деди кечки тамак учурунда акырын гана. Мариям башын ийкеди. Ичинде кандай жалын көтөрүлүп кеткенин эч ким байкабады. Балдары эч нерседен кабарсыз, көңүлдүү тамак ичип жатышты. Алар уктаганы кам ургандан кийин Мариям менен Акбар маңдай-тескей отурушту.
– Мариям...
– Ии?
– Мен... Сага бир нерсе айтышым керек. Кантип айтарымды да билбей турам. Бул чечим биздин жашообуздун нугун өзгөртчү агым болушу да мүмкүн. Бирок жашообуздун агымы мурункудай калышы үчүн колумдан келгендин баарын кылам. Мен... Мен бирөөнү сүйүп калдым, Мариям.
Мариям ага таң кала тиктеп калды. Бул сөздү күйөөсү бетине түз айта алат деп эч күткөн эмес эле. Акбар сөзүн улантты.
Уландысын шилтеме аркылуу кирип окуңуз.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















