Димаш Кудайбергендин iPhone 12 телефонун колдонгону көпчүлүктү суктандырды
Казакстандын дүйнөлүк жылдызы Димаш Кудайберген беш жыл мурун сатып алган iPhone 12 телефонун колдонгону көпчүлүктү суктандырды.
Айдос Жумагулов менен болгон маегинде ырчы жаңы гаджеттерди сатып алуунун пайдасы жок экенин жана күнүмдүк жашоосунда жөнөкөйлүктү сактоого аракет кыларын белгилеген. Ал телефонун беш жыл мурун сатып алганын айткан.
Байлык тууралуу суроого жооп берип жатып ырчы бир даанышмандын сөзүн мисал кылган. Ал чыныгы байлык – мекен, эгемендүүлүк, үй-бүлөнүн саламаттыгы, элдин жыргалчылыгы, ал эми акчанын өзү эч кандай бакыт тартуулабастыгын айткан.
Ырчы акча ар бир адам үчүн маанилүү экенин, бирок ага болгон сүйүү жашоонун чордонуна айланбашы керектигин баса белгиледи.
Ырчынын бул сөздөрүнө көптөгөн күйөрмандары баа берип, жылуу сөздөрүн жазышты.
