Араван районунда жаңы мектептин курулушу башталды
Ош облусунун Араван районунда 275 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлөт.
Башкы долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси заманбап талаптарга жооп берип, төрт блоктон турат. Имаратта эки кабаттуу окуу корпустары, өтмө галерея жана спорт залы каралган. Ошондой эле мектептин аймагында футбол талаасы да курулат.
Объекттин жалпы аянты 3019 чарчы метрди түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери "Бак-Кел" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















