super.kg logo

Имамидин Ташов Бишкектеги СИЗО-1де ачкачылык жарыялады

 

Ишкер Имамидин Ташов СИЗО-1 администрациясынын кысымына нааразычылык билдирүү иретинде ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын адвокаты Асел Аргымбаева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Имамидин Ташов Башкы прокуратурага, акыйкатчы институтуна, УКМКга жана башка органдарга кармоо шарттарын бузуу боюнча арыз менен кайрылгандан кийин, ага карата куугунтук башталган.

"Менин коргоочумду алты кишиге ылайыкташтырылган 235-камерадан 18 туткунду, анын ичинде бир нече жолу киши өлтүргөнү үчүн соттолгондорду камтыган 218-камерага көчүрүштү. Анын жеке буюмдары алынып, туугандарына берилди",- деп жазды адвокаты.

Асел Аргымбаева мындай аракеттер "Камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" мыйзамын бузат деп баса белгиледи.

Окуя боюнча СИЗО-1дин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз берилген. Асел Аргымбаева Имамидин Ташовдун ден соолугу азык-түлүктөн гана эмес, суудан да баш тарткандыктан кескин начарлап кетиши мүмкүн экенин белгилеп, кесепеттерин жаза өтөө системасынын жетекчилигине жүктөдү.

Эске салсак, Имамидин Ташов былтыр 22-апрелде Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: