super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда кызматташуу жаатында 14 документке кол коюлду

 

Бүгүн, 29-сентябрда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Тизме:

- Эки өлкөнүн жарандарынын бири-биринин аймактарында болуу тартиби жөнүндө макулдашуу;

- Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Беларустун Спорт жана туризм министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Эки мамлекетттин Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы, анда товар жүгүртүүнү 500 миллион долларына чейин жеткирүү каралган;

- Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Беларустун Байланыш жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы санариптик өнүктүрүү жаатында стратегиялык кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Беларустун Жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы менен Беларустун Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Беларустун Юстиция министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасы;

- Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Беларустун стратегиялык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун жана Беларустун стратегиялык изилдөөлөр институтунун 2025–2026-жылдарга биргелешкен иш-чаралар планы;

- Кыргызстандын президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Беларустун президентине караштуу Башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы 2025-2027-жылдарга маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы;

- Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Беларустун Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Баткен облусу менен Беларустун Брест облусунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: