Чүйдө унаанын терезесин сындырган адам кармалды

Социалдык түйүндөрдө мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында Г.Ж. аттуу жарандын Facebook баракчасында, токтоп турган унаанын айнегин эркек киши талкалап жаткан видеосу жарыяланган.
Текшерүүнун жыйынтыгында 26-сентябрда Сокулук РИИБине 1993-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кайрылып, кайрылуусунда Сокулук районуна караштуу Романовка айылындагы бир ашкананын алдынан “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаасынын терезесин ашкананын кожоюну сындырып салгандыгын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү билдирген.
Аталган факт Сокулук РИИБиге катталып КЖКнын 280-берененсинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
27-сентябрда кылмыш ишинин алкагында 1970-жылы туулган Б.К. аттуу жаран Сокулук РИИБиге жеткирилип, ага карата башка жакка кетпөө жөнүндө тил каты алынып баш коргоо чарасы тандалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:17
2025-09-30
12:04
2025-09-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.