Нарын шаарында заманбап спорт комплекси курулууда





Нарын шаарында наркы 77 миллион сомду түзгөн заманбап спорт комплекси курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган.
Жалпы аянты 1118 чарчы метрди түзгөн спорт комплекс "А" жана "Б" блокторунан турат. Ал заманбап талаптарга жооп берип, административдик корпусу жана спорт залы бардык шарттары менен жабдылат.
Курулуштун жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:41
2025-09-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.