Кытайдын экс-министри коррупция үчүн өлүм жазасына тартылды
Кытайдын мурдагы айыл чарба министрине пара алгандыгы үчүн өлүм жазасы чыгарылды. Бул тууралуу Синьхуа басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Чанчунь шаарынын элдик соту Кытайдын мурдагы айыл чарба министри Тан Жэньцзянга өкүм чыгарды.
Топтолгон материалдарга ылайык, 2007-2024-жылдар аралыгында аткаминер кызмат абалынан пайдаланып компанияларга жана жеке адамдарга бизнесте жардам берген жана кызматтан көтөрүлгөн. Бул үчүн ал 268 миллион юань (38 миллион доллардан ашуун) мүлккө ээ болгон.
Сот паранын өлчөмү "өзгөчө чоң" деп тапты. Бул мамлекеттин жана элдин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилди деп бааланып, формалдуу түрдө өлүм жазасын талап кылат.
Бирок жеңилдетүүчү жагдайларды, күнөөсүн моюнга алууну, тергөө менен кызматташууну, каражаттардын көбүн өз ыктыяры менен кайтарып берүүнү жана өкүнүүнү эске алуу менен сот өлүм жазасын эки жылга кийинкиге калтырууну чечти.
Ошондой эле өмүр бою саясий укуктарынан ажыратылат жана жеке мүлкү толугу менен конфискацияланат. Анын мыйзамсыз кирешелери жана алар боюнча пайыздар мамлекеттик казынага берилгени, ал эми жетишпеген бөлүгү кошумча өндүрүлөрү кошумчаланган маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















