super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: “Фтизиатрлар акысыз дарыланып, бекер медициналык кароодон өтө алышат”

 

2013-жылы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети  28 жыйын өткөрүп, 95 мыйзам долбоорун карады. 33 мыйзам долбоору жалпы жыйындын кароосуна жиберилип, 18и кабыл алынды. Муну аталган комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева бүгүн, 16-январда “Парламент”  радиосунун түз эфиринде айтты.

Президент тарабынан кол коюлган 5 мыйзамдар: “Жарнактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”, “Медицина кызматкерлеринин макамы жөнүндө”, “Тамак-аш азыктарын маркировкалоо жөнүндөгү техникалык регламент”, “Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн гигиенасы” жана “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндөгү техникалык регламент” мыйзамы.

“Өлкө башчы “Медицина кызматкерлеринин макамы тууралуу” мыйзамга 2013-жылдын май айында кол койгон. Анда медицина кызматкерлери менен катар пациенттердин укук, милдеттери такталат. Аларды юридикалык жактан коргоонун жол-жоболору түшүндүрүлөт. Медицина тармагындагы адистердин социалдык жеңилдиктерден пайдалануу шарттары такталгандан тышкары, фтизиатрлардын иши кооптуу болгондуктан, алардын атайын каражаттардын эсебинен акысыз дарыланышына, бекер медициналык кароодон өтүшүнө мүмкүнчүлүктөр ачылат”,- дейт Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: