Психиатриялык мекемеде "положенец" болуп акча жыйнаган кылмышкер кармалды (фото)










Өзүн “положенец” деп жарыялаган жарандын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, 1985-жылы туулган А.Б. аттуу жаран атайын психиатриялык медициналык мекемеде жазасын өтөп жатып, өзүнүн айланасында криминалдык идеологияны тутунган адамдардын тобун, анын ичинде спортчуларды бириктиргени аныкталган. Физикалык артыкчылыкты жана өзүнүн таасирин колдонуп ал өзүн “положенец” деп жарыялап, соттолгондордон акча чогултууну уюштурган.
2018-жылы А.Б. мурдагы укук коргоо органынын кызматкерине бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн. Маалыматтарга караганда, жеке байланыштарды жана коррупциялык схемаларды колдонуу менен психиатриялык экспертизанын жалган корутундулары алынган, андан кийин сот аны акыл-эси жайында эмес деп таап, мажбурлап дарылоого жиберген.
Адистештирилген психиатриялык мекемеде жүргөндө А.Б. “смотрящий” катары адамдарды дайындап, бейтаптарды жана соттолгондорду криминалдык түшүнүктөр боюнча көзөмөлдөп, мекеменин ичинде жана сыртында анын статусун бекемдөө үчүн колдонулган “общак” үчүн акча чогултууну уланткан. Маалыматтарга караганда, мыйзамсыз жол менен алынган каражатка ал үйлөрдү, жер тилкелерин жана 100дөн ашык ири мүйүздүү бодо малды сатып алган.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (Уюшкан топ түзүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Б. кармалып, ага карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. Андан сырткары А.Б.нын шериги 1980-жылы туулган А.А. аттуу жаран да кармалды. Тергөө уланууда.

