Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрына жаңы директор дайындалды

Замирбек Татиев 1986-жылы туулган. Ал Маданият техникумун (2005-жылы) жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин (2021-жылы) аяктаган.
Кесиби боюнча музыка жана ыр мугалими, ошондой эле кинооператор адистигине ээ.
Замирбек Татиев маданият тармагында 20 жылга жакын үзүрлүү эмгектенип келет. Ал Байтемиров атындагы маданият ордосунда концертмейстер, фольклор тобунун жетекчиси, көркөм жетекчи, методист болуп иштеген. 2022-жылы аталган мекемеге директор болуп, андан кийин Токмок шаарынын маданият бөлүмүн жетектеген.
Министрлик жаңы дайындалган жетекчи театрдын чыгармачылык багытын өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана аймактагы маданий турмушту жандандырууга өз салымын кошо турганына ишеним артып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:03
2025-09-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.