Шашылыш билдирүү: Өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда үшүк жүрөт

Өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатып, мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
"Дыйканчылык талааларында үшүп кете турган түшүмдөрдү жылуу жайда кармоону жана үшүк өтүп кеткенден кийин жыйноо сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:31
2025-09-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.