Нетаньяху Трамп менен Газадагы кырдаал боюнча сүйлөшүү үчүн АКШга барды
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү үчүн Ак үйгө барды. Аны Дональд Трамп жеке өзү тосуп алды. Тараптар АКШ сунуштаган Газа тилкесине байланыштуу тынчтык планын талкууламакчы.
Чет элдик басылмаларда айтылгандай, Дональд Трамп Газа тилкесинде тынчтык орной турганына толук ишенерин айтты.
Ак үйдүн маалыматына ылайык, Биньямин Нетаньяху менен болгон жолугушууда АКШ президенти тынчтык планын акыркы ирет тактап, бекитүүнү көздөйт.
АКШнын планы 21 пункттан турат жана үч негизги багытты камтыйт: бардык барымтага алынгандарды кайтаруу, Израил үчүн ХАМАСтын коркунучун токтотуу жана Газадагы гуманитардык жардамды көбөйтүү. Дональд Трамп бул планга Биньямин Нетаньяху колдоо көрсөтөт деп ишене турганын белгиледи.

