Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили үйү жана акчасы жок экенин айтты
Учурда абакта жаткан Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өзүнүн үйү жана акчасы жок экенин жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
"Силер жакшы билесиңер, менде такыр акча жок. Мен кайрадан калыбына келтирген Грузияда менин бир да батирим жок. Азыр мен эркиндиктен ажыратылып турам, бирок силер жана силердин кожоюнуңар жакшы билесиңер, мен абдан ийгиликтүү адаммын, а силер андай эмессиңер", — деп жазды Саакашвили.
Бүгүн, 29-сентябрда Тбилисинин шаардык соту Саакашвилини жана анын мурдагы коопсуздук кызматынын башчысы Теймураз Жанашияны 9 миллион лари (3 миллион доллардан ашык) төлөөгө милдеттендирди. Бул каражат анын президенттик кызматында (2004–2013-жылдары) ырайымсыз сарпталган деп табылган. Мындан тышкары, Жанашия 300 миң лари (100 миң доллардан ашык) айыпка жыгылды. Чечимди сот Александр Гзиришвили Грузиянын Каржы министрлигинин доосу боюнча чыгарган.
Михаил Саакашвили 2004-жылдан 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болгон. Анын бийликте турган мезгилинде өлкөдө бир топ радикалдуу реформалар жүргүзүлүп, бул реформалар саясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө алып келген.
Саакашвилинин президенттик доорунда, 2008-жылы Орусия менен аскердик кагылыш болуп, бул согуштан кийин Москва Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. Сырткы саясатта Саакашвили батышчыл багытты карманып, Грузиянын Европа Биримдигине жана НАТОго кошулууга умтуларын ачык билдирип келген.
2013-жылы президенттик мөөнөтү аяктаар алдында Саакашвили Грузиядан чыгып кетип, алгач Европага, андан соң 2014-жылы Украинага көчүп барган. Ал жакта украин жарандыгын алып, грузин жарандыгынан ажыратылган. Украинада президенттин кеңешчиси болуп, 2015-2016-жылдары Одесса облусунун губернатору кызматын аркалаган.
Бирок ал Украинадагы жогорку жетекчилик менен араздашып, 2017-жылы ошол кездеги президент Пётр Порошенконун жарлыгы менен жарандыктан ажыратылган. Саакашвили бир нече жолу камакка алынып, 2018-жылы Польшанын аймагына чыгарылган.
2021-жылы Михаил Саакашвили мекенине кайтып келүүнү чечкен, бирок ал учурда Грузияда ага каршы бир нече кылмыш иши козголгон болчу. Айрым иштер боюнча ал сыртынан айыптуу деп табылып, өкүмдөр чыккан. Мурунку президент бюджеттик каражатты туура эмес бөлүштүрүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ыйгарым укуктарын ашыра пайдалануу боюнча айыпталган.
Саакашвили чек араны мыйзамсыз жол менен кесип өткөндөн кийин кармалып, камакка алынган. Ал 2021-жылдын 1-октябрынан бери түрмөдө отурат.

