super.kg logo

КМШнын башкы катчысы: "Армениянын уюмдан чыгышы мүмкүн эмес"

 

КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев уюмга мүчө өлкөлөрдүн өз ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча каалоосу жок экенин билдирди. Ал мындай пикирин Минскиде өткөн КМШ өкмөт башчылары кеңешинин жыйынында Армениянын видеоконференция аркылуу катышуусуна байланыштуу айтты.

"Армениянын вице-премьери Григорян онлайн катышып, жумушка байланыштуу маанилүү ой-пикирлерин билдирди. Армения көпчүлүк документтерди колдоду. Ошондуктан бизде Армения КМШ алкагындагы ишин токтотот деген күмөн жок", — деди Лебедев.

Ал белгилегендей, КМШнын тогуз өлкөсү жогорку деңгээлде жыйынга катышты. Бардык делегациялар уюмду сактап калуу маанилүү экенин белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөлөр КМШдагы экономикалык жана гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюшту. Сергей Лебедевдин айтымында, алардын айрымдары 2035-жылга чейин күчүндө болот.

Эске сала кетсек, быйыл июлда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкө Евробиримдикке кошулууну каалап жатканын билдирген. Ал эми август айында Армения мындан ары Европа Биримдигине же Евразиялык экономикалык союзга (ЕАЭБ) мүчө болууну тандоого аргасыз болорун кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: