super.kg logo

Трамптын Газадагы согушту токтотуу планы жарыяланды. Тизме

 

Америкалык жана израилдик басылмалар АКШ президенти Дональд Трамптын Газадагы согушту токтотуу жана секторду калыбына келтирүүгө багытталган планын жарыялашты. Бул план келечекте Палестина мамлекетин түзүүгө да даярдык көрүүнү көздөйт.

The Times of Israel басылмасы жазгандай, 21 пункттан турган план Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында бир катар араб жана мусулман өлкөлөрү менен талкууланган. Бул кадам Вашингтондун Палестина маселесиндеги позициясындагы өзгөрүүнү билдирет. Буга чейин Трамп Газадагы калкты сектордон чыгарып салууну сунуштаган.

Пландын негизги пункттары:

  1. Газаны "экстремизм жана терроризмден таза аймакка" айлантуу;

  2. Секторду толук калыбына келтирүү;

  3. Эки тарап макул болсо согушту токтотуу жана Израилдин аскер операцияларын токтотуу, Газа аймагынан аскерлерди акырындык менен чыгаруу;

  4. Барымтага алынгандарды жана каза болгондордун денелерин Израилдин макулдугунан кийин 48 сааттын ичинде кайтаруу;

  5. Өмүр бою абакка кесилген жүздөгөн палестиналык камактагыларды жана согуш башталгандан бери кармалгандардан миңден ашуун адамды бошотуу, жүздөгөн палестиналыктардын денелерин өткөрүп берүү;

  6. Газадан чыгып кетүүнү каалаган ХАМАС мүчөлөрүнө шарттуу кечирим берүү;

  7. Газага күнүнө кеминде 600 жүк гуманитардык жардам жеткирүү; инфраструктураны калыбына келтирүү жана калдыктарды тазалоо үчүн техника жеткирүү;

  8. Жардамды БУУ, Кызыл жарым ай жана бейтарап эл аралык уюмдар аркылуу тараптардын кийлигишүүсүз таратуу;

  9. Газаны Палестина технократтарынын убактылуу өкмөттүк башкаруусу. Анын ичинде эл аралык органдар, АКШ, араб жана европалык өнөктөштөр менен кызматташуу каралган;

  10. Газаны экономикалык жактан калыбына келтирүү үчүн экономикалык план түзүү"

  11. Салык жана бажы төлөмдөрү төмөндөтүлгөн экономикалык зона түзүү;

  12. Палестиналыктарды күч менен көчүрүүгө тыюу салуу;

  13. ХАМАСты куралдан ажыратуу жана анын башкаруусун токтотуу;

  14. Аймактагы өлкөлөрдөн коопсуздук кепилдиктерин берүү;

  15. Коопсуздукту көзөмөлдөө жана жергиликтүү полицияны окутуу үчүн АКШ жана араб өлкөлөрү баштаган убактылуу эл аралык стабилизациялық структура түзүү;

  16. Израилдин аскерлерин акырындык менен чыгаруу;

  17. ХАМАС кызматтуудан баш тарткан учурда пландын айрым пункттарын аткаруу мүмкүнчүлүгү;

  18. Израилдин Катарга сокку урбоого милдеттенүүсү;

  19. Экстремисттик идеологияны нейтралдаштырууга багытталган программаларды ишке киргизүү;

  20. Келечекте Палестина мамлекетин түзүүгө даярдык көрүү;

  21. Израил жана Палестина ортосунда кеңири саясий диалогду баштоо.

Эске салсак, бүгүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү үчүн Ак үйгө барды. Аны Дональд Трамп жеке өзү тосуп алды. Тараптар АКШ сунуштаган Газа тилкесине байланыштуу тынчтык планын талкууламакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: