Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка карай кадам. Трамптын 20 пункттан турган планы жарыяланды
АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесиндеги согушту токтотуу боюнча 20 пункттан турган планды макулдашты. Эми чечим ХАМАСта калганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Ак үй Дональд Трамп сунуштаган Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды токтотууга багытталган 20 пункттан турган планды жарыялады.
Эки өлкө Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча келишимге "абдан жакын" экенин билдиришти. Трамп бул тууралуу Ак үйдөгү маалымат жыйынында сүйлөп жатып, бул күндү "тарыхый" деп атады.
"Эгерде ХАМАС бул сунушту кабыл алса, анда бардык туткундар 72 сааттын ичинде бошотулат жана согуш аяктайт",- деди ал.
Трамп ошондой эле, эгерде ХАМАС тынчтык сунушун четке какса, АКШ Израилге топту жок кылуу үчүн толук колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бирок ал ХАМАС бул сунушту кабыл алат деп ишене турганын айтты.
