Кыргызстандык самбочулар III КМШ оюндарында төрт медаль жеңди
Азербайжандын Гөйгөл шаарындагы олимпиадалык спорт комплексинде III Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги оюндарынын алкагында самбо боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.Аталган мелдеште Кыргызстандын төрт спортчусу байгелүү орундарды алды.
Ильяс Абжалиев – күмүш медаль;
Марал Байбосунов – күмүш медаль;
Эльдар Аскарбеков – коло медаль;
Илья Сухинин – коло медаль.
Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда. Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















