Төрага жаңы гимн боюнча маселе качан караларын айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына курган маегинде жаңы гимн тууралуу пикирин айтты.
Төраганын айтымында, гимнди бардык жарандар оңой ырдай алышы керек жана тексти биринчи жак менен жазылышы зарыл.
"Биздин гимн 3-жак менен жазылып калган. Гимнде бардык текстинде биринчи жак болушу керек да. "Менин өлкөм", "менин аракетим", "Кыргызстаным" деп кетиши абзел.
Эң кызыгы Кыргыз ССРинин гимни менен Кыргызстандын гимнин салыштырсаң окшош. Айрым эле жерлери өзгөргөн. Ошол маалда ушул вариантын өткөрүшкөн. Азыр башкача болушу керек. Элдин баары ырдай ала турган, биринчи жакта болушу керек",- деди ал.
Төрага ошондой эле азыркы учурда мамлекеттик гимндин 5 варианты тандалып алынганын, бирок эч бири анын купулуна толбогонун кошумчалады.
"Октябрда карайт элек. Биз мөөнөтүбүздөн мурда тарап жатабыз. Бирок кийинки чакырылышта бул маселе сөзсүз каралат",- деди Тургунбек уулу.
Маалымат үчүн: Төрага 25-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүүнү сунуштаган болчу. Андан соң Маданият министрлиги гимндин текстин жазууга сынак жарыялап, 5 тексттин долбоору тандалган. Буга удаа гимндин музыкасына сынак жарыяланган. Ага ылайык, гимндин долбоору 3төн ашык эмес куплеттен жана 1 кайырмадан туруп, 4 мүнөттөн ашпаган узактыкта болууга тийиш.
Төрага жаңы гимн боюнча

