Ош шаарынын мэриясы электромобилдерге өтүүдө
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаар казынасын үнөмдөө жана экологиялык жактан зыянсыз унааларга өтүүнү демилгелеп, шаардык мэриянын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматтык унааларын электромбилдерге өткөрүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-сентябрда жаңы алты электромобиль унаалары шаардык кеңеш төрагасына жана мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчисине тапшырылды.
"Ош шаарынын мэриясынын автогаражындагы унаалар ай сайын 3 тоннага жакын күйүүчү май коротуп, сатып алууга эле жылына 3 миллион сомдон ашык каражат кетет. Андыктан бюджетти үнөмдөө менен электромобилдерге өтүү максаттуу жана экологиялык жактан да пайдалуу болуп саналат",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















