Ысык-Көлдө мыйзамсыз торлорду тазалоо иштери уланууда





Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясында мыйзамсыз орнотулган балык торлорун тазалоо иштери улантылууда.
Иш-чаранын негизги максаты – Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана балык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу болуп саналат.
Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн кезектеги рейд учурунда көл үстүнө мыйзамсыз салынган бир катар торлор аныкталып, алынууда. Мыйзамсыз балык уулоого байланышкан фактылар катталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көл ОИИБ жарандарды экологиялык жоопкерчиликке чакырып, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу – көлдүн келечегин сактап калуунун маанилүү кадамы экенин белгилейт.
Маалымат үчүн: Мыйзамсыз торлорду орнотуу – жаратылыш ресурстарын коргоо мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет жана ал үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.