super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан Беларустун делегациясын Көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды

 

Кыргызстан Беларусь өлкөсүнүн улуттук делегациясын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Минскте журналисттерге билдирүү жасап жатып айтты.

Маалыматка ылайык, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтөт.

"Биз Беларусь Республикасынын улуттук делегациясынын 2026-жылдын сентябрында белгилене турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул бир гана спорттук иш-чара эмес, дүйнөлүк маданий окуя, биздин өлкөлөрдүн салттарынын күчүн жана заманбап динамизмин көрсөтүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү. Маданий байланыштар билим жана илим тармагындагы кызматташтык менен бекемделет",- деди өкмөт башчысы.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы 28-сентябрда Беларусь өлкөсүнө иш сапары менен барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: