super.kg logo

Бишкекте аялын бычактаган жаран кармалды

 

Бишкекте аялын бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда саат 07:00 чамасында милициянын "102" кызматына Дзержинский көчөсүндө "эркек киши жубайына бычак менен жаракат келтирди" деген маалымат түшкөн.

Бул билдирүү боюнча дароо ыкчам-тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерде жарандык никеде жашап келген Ч.А. жана Г.М. ортосундагы пикир келишпестиктен улам жолдошу аялын көкүрөк тарабына бычак менен сайганы аныкталган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакырылып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Г.М. буга чейин да үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталды.

Айрым жергиликтүү басылмалар түгөйлөр мас абалында болушканын жана жабырлануучу айым кош болуу экендигин жазышууда.

Милиция кызматкерлери тарабынан 35 жаштагы Г.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: