Орбан: "Украина эгемендигин жана көз карандысыздыгын жоготту"
Украина өз аймагынын бештен бир бөлүгүн жоготту, ошондуктан эми эгемен мамлекет эмес. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Politico басылмасына билдирди.
Анын айтымында, венгриялык дрондордун Украина аба мейкиндигине киргени эч кандай мааниге ээ эмес.
"Айталы, дрондор Украинага бир нече метр учуп өттү, эмне болмок эле? Украина көз карандысыз мамлекет эмес. Украина эгемен мамлекет эмес... Эгер биз, Батыш, ага бир тыйын да бербейбиз деп чечсек, анда Украина эртең эле жоголушу мүмкүн",- деп билдирди Венгриянын премьер-министри.
Бул билдирүүгө Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига жооп кайтарды.
"Жакшы жаңылык – премьер-министр Орбан айрым дрондор чындыгында эле Венгрия тараптан Украина аба мейкиндигине киргенин моюндады. Министр Сийярто, баягы "фейк" жөнүндө билдирүүңүз эмне болот?"- деп жазды Сибига.
Сигибанын айтымында, Орбан орус пропагандасы менен ууланган боюнча калып жатат.
