Кытайдагы заводдо газга уулануудан беш киши каза болду
Кытайдын Хэнань провинциясында жайгашкан Хэби шаарындагы химиялык заводдо газга уулануу катталып, беш адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда айтылгандай, кырсык Шаньчен районунда жайгашкан Hexin Chemical Industry Co., Ltd. компаниясынын аймагында, таңкы саат 07:00 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, транзиттик цистернадан күкүрт кислотасы агып кетип, дренаж аркылуу дааратканадагы септикке жетип, химиялык реакциянын натыйжасында күкүрт суутек газы пайда болгон.
Жыйынтыгында беш кызматкер газга ууланып каза болсо, дагы үчөө оор абалда ооруканага жеткирилген.
Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары иликтенип, тиешелүү органдар тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Заводдун бардык кызматкерлери эвакуацияланып, тазалоо иштери толук аяктаганы маалым болду.

