super.kg logo

Сеулда Бишкек мэриясы менен Түштүк Корея ортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр болду (фото)

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев иш сапары менен Түштүк Кореянын Сеул шаарына барды. Ал жерде "Акылдуу жашоонун экинчи жумалыгы" форуму өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө борбордун мэри Blue Networks компаниясынын башкы директору Но Сун Ён баш болгон делегациясы менен жолугушту. Тараптар электрдик коомдук транспортту жана кубаттоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Айбек Жунушалиев бул тармактагы кызматташуу үчүн колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы бул багыттагы биргелешкен демилгелерин ыкчам жүзөгө ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен Blue Networks Co., Ltd компаниясынын ортосунда электр автобустарды жана кубаттоо станцияларынын инфраструктурасын киргизүү багытындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жолугушуунун соңунда тараптар ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга жана бул жаатта тажрыйба алмашууга үмүттөнүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: