super.kg logo

Түштүк Корея: Түндүк Корея АКШга сокку ура ала турган деңгээлге жетти

 

Түштүк Кореянын биримдик министри Чун Дон Ён Түндүк Корея азыркы учурда АКШнын негизги аймагына сокку урууга жөндөмдүү өлкөлөрдүн бири болуп калганын билдирди. Бул тууралуу The Korea Times басылмасы жазды.

Чундун айтымында, Түндүк Кореянын мындай мүмкүнчүлүгүн "акыл-эстүү түрдө кабыл алуу" зарыл. Ошол эле учурда ал Пхеньян экономикалык реформаларга жана ачык саясатка умтулса, бул аракет Түштүк Корея менен кызматташуу аркылуу гана ишке ашарын белгиледи.

Министр ошондой эле Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жаңы жолугушуусу боюнча ой бөлүшүп, эки тарап тең жолугууга кызыкдар экенин айтты. Анын баамында, Кимдин акыркы билдирүүлөрү да АКШ менен Түштүк Кореяга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: