Түндүк Корея өзүнүн ядролук потенциалынан баш тартпай турганын билдирди
Түндүк Корея өзүнүн ядролук потенциалынан баш тартпайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Ким Сон Ген билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөн денуклеаризация талап кылуу Конституцияны бузуу болуп эсептелет.
"Түндүк Кореяга карата "денуклеаризацияны" мажбурлоо — бул өз суверенитетинен жана жашоо укугунан баш тартууну талап кылуу менен барабар. Бул биздин Конституцияны бузуу болуп саналат. Биз өз ядролук потенциалыбыздан эч качан баш тартпайбыз. Кайсы гана шартта болбосун, бул позициядан тайбайбыз", — деди Ким Сон Ген Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө.
23-сентябрда Түштүк Корея, АКШ жана Япония биргелешкен билдирүү жасап, Түндүк Кореяны денуклеаризациялоо багытындагы милдеттенмесин ырасташкан. Алар Пхеньянга карата санкцияларды сактоо зарылдыгын өзгөчө белгилешкен. Түштүк Кореянын чалгын кызматынын маалыматтарына ылайык, Түндүк Кореяда 2 миң килограммга жакын байытылган урандын запасы бар.
кошулду

