super.kg logo

YouTube Трамптын аккаунтун бөгөттөгөнү үчүн ага 24,5 миллион доллар төлөйт

 

YouTube социалдык түйүнү Дональд Трамп менен болгон соттук талашты жөнгө салуу үчүн 24,5 миллион доллар төлөөгө макул болду. Бул тууралуу CNN кабарлайт.

YouTube Трамптын аккаунтун 2021-жылдын январында, анын тарапташтары Капитолийде башаламандыктарды уюштургандан кийин бөгөттөгөн. Трамп бул чечимди сотко берип талашкан.

Макулдашылган келишимге ылайык:

  • YouTube 22 миллион долларды "Trust for the National Mall" аттуу коммерциялык эмес уюмга төлөйт. Бул уюм Ак үйдөгү негизги курулушка жооптуу.

  • Калган 2,5 миллион доллар бул иш боюнча башка доочулардын, анын ичинде америкалык консервативдик союздун арасында бөлүштүрүлөт.

YouTube Трамп менен соттук талаштан кийин миллиондогон доллар төлөөгө макул болгон үчүнчү ири технологиялык компания болуп калгандыгын басылмалар кошумчалады.

  • Январда Meta (Facebook жана Instagram ээси) Трампка 25 миллион доллар төлөөгө макул болгон.

  • Февралда X (мурдагы Twitter) 10 миллион доллар төлөө чечимин кабыл алган.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын январында Facebook, Instagram, YouTube жана Twitter Трамптын аккаунттарын жаап салышкан. Анткени анын билдирүүлөрү Капитолийди басып алган тарапташтарын колдогон деп эсептелген. Мунун негизинде Трамп аталган компанияларды сотко берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: