Чүйдө кооптуу аймакта курулган курулуш аныкталды




Чүй облусунун аймагын текшерүүдө “Жилингир” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуш жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Тактап айтканда, эс алуу жайы катары курулуп жаткан объект “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын 37 жана 45-беренесиндеги талаптарды аткарбоо менен салынганы белгилүү болду. Мындан тышкары, аталган объект сел жүрүү коркунучу бар, кооптуу аймакта жайгашкандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча “Жилингир” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмө берилди. Ошондой эле шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин бузгандыгына байланыштуу административдик чаралар көрүлүп, айып салынды.
Аймактык башкармалык бардык курулуш иштеринде шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү талаптарды сактоо зарылдыгын эскертет жана аларды бузган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн билдирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:31
2025-09-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.