super.kg logo

Литва Норвегия жана Швециядан абадан коргонуу системаларын сатып алат

 

Литва Швеция жана Норвегиядан абадан коргонуу системаларын сатып алат. Бул тууралуу республиканын коргоо министри Довиле Шакалене журналисттерге билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү үчүн Швециядагы Saab Dynamics компаниясынан буга чейин алынган эки батареяга кошумча үчүнчү MSHORAD кыска аралыктагы коргонуу батареясы сатып алынат. Ошондой эле Норвегиядан төртүнчү NASAMS батареясы алына турганы белгиленди.

Мындан тышкары Литва украиналык өндүрүштөгү Sky Fortress учкучсуз аппараттарды үн аркылуу таануу системаларын жана төрт радар сатып алууну көздөп жатат.

Шакалененин айтымында, өлкө өзүнүн абадан коргонуу тутумун Украина тажрыйбасына таянып түзүүдө.

Өткөн жумада Литванын парламенти армияга аба мейкиндигиндеги объекттерди ылдам жана жөнөкөй тартипте атып түшүрүүгө уруксат берген. Буга чейин аскерлер учкучсуз аппараттарды тыюу салынган аймактарда жана алар курал катары колдонулган учурда гана атып түшүрүүгө укуктуу болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: