super.kg logo

Психиатриялык мекемедеги "положенецтин" тууганы пара берүү учурунда кармалды (фото)

 

Кылмыш ишин тергөөдө пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, министрлик Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишин тергеп жаткан.

Ыкчам иштердин жүрүшүндө 1985-жылы туулган А.Б. аттуу соттолгон адам киши өлтүргөндөн кийин коррупциялык схемаларды колдонуу менен "акыл-эси жайында эмес" деп табылып, атайын психиатриялык мекемеге мажбурлап дарыланууга жиберилгени аныкталган. Ал жерде өзүн “положенец” деп жарыялап, “общак” үчүн каражат чогултууну уюштурган.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында айыпталуучунун байкеси, 1983-жылы туулган А.М. аттуу жаран буга чейин кармалган жарандын кылмыш жоопкерчилигинен качуусуна көмөктөшүү максатында кызматкерге 190 000 сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган. Ал пара берүү учурунда кармалган.

Аталган факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: