Жапаров Жогорку Кеңешти таркаткандыгы үчүн депутаттарга ыраазычылыгын билдирди

Бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды.
Анда мамлекет башчысы Жогорку Кенештин 25-сентябрда өз алдынча тарашы боюнча кабыл алынган чечимге байланыштуу, 8-чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо 30-ноябрга белгиленгенин билдирди. Президент шайлоо жыйынтыгы менен саясий туруктуулукту бекемдөөгө басым жасаганын, депутаттарга жеке кызыкчылыктардан мурда мамлекетти ойлогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал белгилегендей, эгерде шайлоолор беш жылда эки жолу дал келсе, ал биринчи кезекте Борбордук шайлоо комиссиясына кыйынчылык жаратып, экинчи кезекте саясий туруктуулукка таасир тийгизиши мүмкүн. Мындан тышкары, келерки жылы күзүндө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

