Ысык-Көлдө киши колдуу болуп каза тапкан 17 жаштагы кыз жерге берилди (видео)
Ысык-Көлдө киши колдуу болгон 17 жаштагы кыз жерге берилди. Маркумдун жакындарынын акыйкаттык талап кылган видеосун блогер Эрмек Молдогазиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалды.
ИИМ окуянын чоо-жайына токтолуп, толук маалымат берип, 27-сентябрда саат 20:30 чамасында Айсулуунун апасы 17 жаштагы кызы Караколго таанышыныкына кетип, дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Ыкчам иштер жасалып, анын натыйжасында кыздын ошол күнү саат 12:45 чамасында Honda Stream унаасына отурганын Барскоондун кире беришиндеги май куйган бекеттин камерасынан таап чыгышкан.
Шектүү жабырлануучуну алгач Жеңиш айылындагы пляждын түштүк тарабында жайгашкан алма бакка алып барып, болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга карата күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып, мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган. Кийин өспүрүмдүн сөөгүн Кеминдин Жел-Арык айылына таштап кеткен.
Буга чейин Ысык-Көл облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, 41 жаштагы шектүүнү Бишкекте качып жүргөн жеринен кармагандыгын билдирген. Кармалган жаран бир нече ирет соттолгондугу маалыматта кошумчаланды.
Ал эми маркум кыздын жакындары SUPER.KG порталына оор жоготуусун билдирип, такталбаган маалыматтар тарап жаткандыгын айтышты. Толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыз!
Ысык-Көлдө киши колдуу болгон 17 жаштагы кыз жерге берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-09-30
18:19
2025-09-30
15:55
2025-09-30
15:16
2025-09-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.