Ысык-Көлдө киши колдуу болгон кыз. Милиция кызматкерине карата кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө
Ички иштер министрлиги тарабынан милиция кызматкерине карата кызматтык текшерүү дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, ал кызматкер каза болгон жашы жете элек кыздын туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөргө жол берген.
Мекеме кыздын дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз түшкөндөн кийин дароо милиция издөө иш-чараларына киришкендигин баса белгиледи.
"Айрым кызматкерлердин айткан сөздөрү жол берилгис болуп, чындыкка дал келбейт жана Ички иштер министрлигинин расмий көз карашын чагылдырбайт. Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга жана кызматтык тартипке ылайык катуу чаралар көрүлөт. Ички иштер министрлиги маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул кылмыш иши иликтенип жаткандыгын жана жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин билдирет", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн Ысык-Көлдө киши колдуу болгон 17 жаштагы кыз жерге берилди. Буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалган.

