Трамп Медведевди "акылсыз адам" деп атады
АКШ президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командачылык курамынын алдында сүйлөп жатып, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведевге катуу сын айтты жана аны "акылсыз адам" деп атады.
Америкалык лидердин айтымында, мындай аныктама Медведевдин АКШга карата мурдагы ядролук коркутууларына байланыштуу.
"Орусия жакында эле бизди бир аз коркуткан. Мен болсо атомдук суу алдындагы кайыктарды, адамдар ойлоп тапкан эң коркунучтуу куралдарды Орусиянын жээгине жөнөттүм. Бул кадамды анын "ядролук" деген сөзүн айтканы үчүн жасадым… Ал сөздү Путин үчүн иштеген акылсыз адам айтты", – деди Трамп.
Трамп сактык үчүн бир же эки суу алдындагы кайык жөнөткөнүн баса белгиледи.
АКШ президенти ошондой эле АКШнын технологиялык артыкчылыгын белгилеп, өлкө суу алдындагы кайыктарды чыгарууда Орусия менен Кытайдан 25 жылга алдыда экенин билдирди.
Эске салсак, Трамп менен Медведевдин ортосундагы тирешүү жай айларында күчөгөн. Ал учурда Медведев ядролук куралды Иранга берүү мүмкүнчүлүгүн четке какпастыгын айтып, АКШны түздөн-түз аскердик кагылышуу менен коркуткан. Буга жооп катары Трамп Медведевди "Орусиянын ишке ашпай калган мурдагы президенти" деп атап, Орусиянын экономикасын "өлүк экономика" деп мүнөздөгөн.
Август айында Трамп Медведевдин коркутуулары сөздөн ишке өтүп кетсе, даяр болуу үчүн зарыл аймактарга эки атомдук суу алдындагы кайыкты жайгаштырууну буйруганын билдирген. Ошондой эле АКШ Орусия менен мүмкүн болгон ядролук кагылышууга толук даяр экенин айткан.
